• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-март күнү 1983-жылы туулган Бишкек шаарынын Д.М. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал 7-мартта болжол менен саат 23:05 чамасында белгисиз жарандар короосунда токтоп турган “Тойота Камри” унаасынын алдыңкы оң жак терезесин сындырып, баасы 23 500 сом “Атомик” тоо лыжасын уурдап кеткендигин билдирген.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1993-жылы туулган Т.Т. кармалып, Октярбь райондук ИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Бул факт КР Жазык кодексинин 200-беренесинин (Уурдоо) негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий