• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте V Эл аралык мыкты муниципалдык тажрыйбалар форуму өтөт

Коом 0

Бишкек, 10.04.18. /Кабар/. Бишкекте 11-12-апрель күндөрү V Эл аралык мыкты муниципалдык тажрыйбалар форуму өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Бишкектин биринчи вице-мэри Ренат Макенов билдирди.

Иш-чарада муниципалитет жана дүйнөнүн 150 шаарынан келген жергиликтүү өзүн-өзү башаруу органдарынын өкүлдөрү катышат.

“Форум КР өкмөтү жана Бишкек мэриясынын жигердүү колдоосу жана катышуусу менен өтөт. Муниципалдык кызматкерлер үчүн аянтча уюштуруу демилгесин өкмөт башчы Сапар Исаков колдоп, жактырды. Форумдун башкы максаты – шаарлардын мыкты башкаруу тажрыйбасы жана жергиликтүу өзүн-өзү башкаруунун маселелерин чечүү”,-деп билдирди ал.

Форумда чет элдик шаарлардын муниципалитеттеринин биринчи өкүлдөрү да катышат. Алар шаарларды башкаруудагы өздөрүнүн ишмердүүлүгүндөгү тажрыйбалары менен бөлүшөт.

“Форумда өз ара тажрыйба алмашуу үчүн Кыргызстан, Россия, Германия, Финляндия, Түркмөнстан, Казакстан, Молдова, Өзбекстан, АКШ, Түштүк Корея, Албания, КЭР, Армения жана башка өлкөлөрдөн келген муниципалдык билим берүү өкүлдөрү катышат”,-деп билдирди ал

Пикир

Оставить комментарий