• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте V эл аралык Россия ЖОЖдорунун жарманке-көргөзмөсү өтөт

Билим 0

Бишкек, 27.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. 4нөн 6-апрелге чейин Бишкекте Россия ЖОЖнун жыл сайын өтүүчү “Бишкек-2018” жарманке-көргөзмөсү өтөт.
Көргөзмөгө Москва, Новосибирск, Хабаровск, Курск жана башка Россиянын аймактарындагы ЖОЖдор катышат.
Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көлдүн шаарларында (Токмок, Кант, Шопоков, Кара-Балта жана Чолпон-Ата) өтө турган көргөзмөнүн алкагында абитуриенттер үчүн атайын жолугушуулар өтөт.
Көргөзмө 4нөн 6-апрелге чейин К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында саат 10:00дөн 17:00гө чейин өтөт (акысыз).

Пикир

Оставить комментарий