• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте "V түрк тасмалар жумалыгы" старт алды

Маданият 0

Бишкек, 17.10.21. /Кабар/. Күн мурун, 16- октябрда, "Манас" кинотеатрында "V түрк тасмаларынын жумалыгы старт алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, расмий ачылыш маданият министри Азамат Жаманкулов жана Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмат Садык Догандын катышуусу менен өттү.

Алгач эки өлкөнүн мамлекеттик гимни жаңырып, андан соң министр Азамат Жаманкулов сөз сүйлөдү.

Анда министр Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы маданий жана гуманитардык байланышка токтолуп, Бишкек шаарында ачылып жаткан Түрк кино тасмаларынын жумалыгы ийгиликтүү өтүшүнө тилектеш экендигин билдирди.

Ошондой эле ал өз сөзүндө Кыргызстанда түрк кино тасмаларынын күйөрмандары бар экенин айтып, эки өлкөнүн кино индустриясынын ишмерлери учурда тыгыз байланышта болуп тургандыгы бүгүнкү өтүп жаткан кино жумалык ага далил экендигин кошумчалады.

Ал эми түрк элчиси Ахмет Садык Доган жумалыктын алкагында көрсөтүлө турган тасмалар тууралуу айтып, Кыргызстанга келген түрк кино режиссерлору жана тасмада роль жартакан каармандар менен тааныштырды.

Жумалык режиссер Мехмет Ада Өзтекинин “7- Камерадагы мужиза” тасмасын көрсөтүү менен башталды.

Эске салсак, жумалык Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин жана Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен “Йерли Дүшүнже” ассоциациясы тарабынан уюштурулган.

Жумалык 2021-жылдын 16-20-октябрь күндөрү "Манас" кинотеатрында өтүп, тасмалар акысыз көрсөтүлөт.

Саамалыктын алкагында Түркиядан келген режиссерлер, актерлер жана продюсерлер менен Кыргызстандык кино актерлорунун арасында жолугушуулар өтүп, биргелешип тасма тартуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Көрсөтүлө турган тасмалар:

1. “7-Камерадагы мужиза”

2. “Баскетбол шакекчеси”

3. “Маузер”

4. “Сүйүүнүн өмүрү”

5. “Мадыра баштар: Киндик-Төбө” (анимациялык фильм)

6. Өмер жана биз

Пикир

Оставить комментарий