• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте вакцинанын биринчи дозасы менен 61 миң 674 адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Бишкекте коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасы менен 61 миң 674 адам эмдөөдөн өттү, анын ичинен экинчи дозасын 33 миң 498 жаран алды. Бул тууралуу Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, эмдөөдөн өткөндөрдүн ичинен 2 миң 935 медициналык кызматкер, Бишкек шаарындагы билим берүү уюмдарынын 2 миң 173 кызматкери, 3 миң 850 мамлекеттик кызматкер, укук коргоо органдарынын 1 миң 438 кызматкери, 60 жаштан жогору 14 миң 818 адам, өнөкөт оорулары бар 1 миң 518 адам.

“Эмдөө иштери уланууда. Бүгүнкү күндө коронавирустук инфекция менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу жолу – эмдөө болуп саналат. Бишкек шаары үчүн 32 миң доза Sinopfharm вакцинасы жана “Гам-Ковид-Вак” (Спутник V) вакцинасынын 63 миң 600 дозасы бөлүнгөн", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий