• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте велосипед уурдоого шектелип эки жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Бишкектин Жал кичирайонунда велосипед уурдоого шектелип эки жигит кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 3-октябрында болжол менен саат 03:40та Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына Жал кичи районунда велосипед уурдалды деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматы барып, маалыматты тактаган. 47 жаштагы Б.Ш аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ушул эле күнү болжол менен саат 03:30да белгисиз адамдар подъезде турган 2 велосипедди уурдап кетишкен.

Жазылган арыздын негизинде ыкчам издөө иш-аракети уюштурулган. Кылмышка шектүү катары 22 жаштагы С.Ж жана 23 жаштагы К.Н аттуу эки жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 200-берененин ("Уурдоо") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий