• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте велосипед уурдоого шектелип жаш жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.07.19. /Кабар/. Бишкекте велосипед уурдоого шектелип жаш жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициядан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, 26-июнь күнү Октябрь райондук милицияга В.Н. аттуу шаар тургуну кайрылып, 25нен 26-июнга караган түнү белгисиз бирөөлөр анын короосуна кирип 4 велосипед уурдап кеткенин айткан. Келтирилген чыгым 100 миң сом болгон.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде "Уурдоо" катары катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Бул ишке катыштыгы бар деп 20 жаштагы М.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда ага карата 2 айга №1 Тергөө абагына камакка алуу чечими чыгарылган.

Милициядан билдиришкендей, шектелүүчүнүн катышуусу менен өткөрүлгөн атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө ал жарандын дагы ушундай эле беш окуяга катыштыгы бар экени аныкталган. Ошондой ал велосипеддерди кайсы жакка өткөрүп турганы белгилүү болгон.

"Шектелүүчүнүн аракеттеринен жабыр тарткан же кандайдыр бир маалыматы бар адамдар 0(559) 10-27-92, 0(500) 06-01-83 номерлерине кабар берүүңүздөрдү өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий