• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте венгриялык адабиятчылар жазган “Айтматовго Мажарстандын урмат-сыйы” китеби жарык көрдү

Маданият 0


Бишкек, 10.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектин Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканасында кыргыз-мажар адабиятчылары тарабынан даярдалган “Айтматовго Мажарстандын (Венгриянын) урмат-сыйы” аталышындагы илимий китептин бет ачары өттү.

XX кылымдагы дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыз элинин улуттук сыймыгы Чыңгыз Айтматовго арналган китеп Түрк кеңешинин Мажарстандагы өкүлчүлүгүнүн тектеш түрк элдеринин улуу инсандарынын алгачкы эмгеги. Мажарстандык чыгармачыл, илимий чөйрө өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү авторлордун макала-маегинде Ч.Айтматовдун өмүр баяны менен чыгармачыл бейнеси жана мурастары боюнча кыска-нуска ойлор айтылат.

Иш-чарага коомдук ишмер Аскар Айтматов, Мажарстандын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги, Будапешттеги Этнограф институтунда илимий кызматкери Даут Шомфаи Кара, Маданият министрлигинин Улуттук маданий борборунун кызматкери Памирбек Казыбаев, Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев, Түрк кеңешинин Будапешттеги өкүлчүлүгүнүн кызматкери жана аталган китептин түзүүчүсү Аида Памирбек катышты.

“Айтматовго Мажарстандын урмат-сыйы” басылмасынын редактору Памирбек Казыбаевдин айтымында, китептин авторлору Венгриянын адабиятчылары, журналисттери жана Кыргызстандан Сыртбай Мусаев менен Эльдар Айтматов болуп саналат.

“Окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган чыгарма кыргыз жана орус тилдеринде чыгарылды. Басылма бара-бара түрк тилине да которулганы жатат. Ошондой эле китептин Москва шаарында көргөзмөсүн өткөрүү пландалууда”, - дейт ал.

Будапешттеги Этнограф институтунда илимий кызматкери Даут Шомфаи Кара кыргыз жазуучусу менен алгачкы таанышканы тууралуу сөз кылды.

“Китептин идеясы Түрк кеңешинин Будапештеги өкүлчүлүгүнүн директору, түрколог Янош Ховариге таандык. Венгрияда Айтматовго арналган түрдүү макалалар жарык көргөн. Ал макалалар топтолуп, мындан сырткары, бул жактан да адабиятчылардын эмгектери чогултулуп басылып чыгарылды. Мен дагы улуу жазуучуга байланыштуу маек бердим. 2006-жылы китеп фестивалына катышканда, мени Айтматовдун жанында тилмеч, котормочу кылып чакырып алган. Ошондо ал адам менен таанышкам. Айтматов мага: “Мен кайсы жерге барбайын орус тилинде маек берип келгем, сенин жардамың менен эне тилде кайрылдым” деген. Китептеги маегимде булардын баары каралган”, - деп сөзүн жыйынтыктады Даут Шомфаи.

Мажарстандын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги Айтматов менен бала кезинде таанышканын маалымдады.

“Бала кезде мектепте совет адабияты сабагы кирип, анда Айтматовдун чыгармаларын окуп чоңойдук. Окуган сайын Кыргызстанга барам деп эңсеп келчим. XX кылымдын башында бул өлкөгө келип, 700 беттен турган китеп жазгам. Китепти кыргыздарды жакшы көрүп, сыйлап жана мактап чыгаргам. Аны менен бирге көчмөн элинин турмуш-тиричилиги, жаратылышы жана илимпоз катары кыргыздардын этнографиясын изилдегем”, - деп оюн ортого салды.

Белгилей кетсек, “Айтматовго Мажарстандын урмат-сыйы” китебинин демилгечиси Түрк тилүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Мажарстандагы өкүлчүлүгү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий