• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте VIII Кыргыз маалыматтык технологиялар форуму өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Бишкекте VIII Кыргыз маалыматтык технологиялар форуму өтүп жатат.

Форумду КРнын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек марипов ачты.

Белгилей кетсек, бул жылы форум учурдагы санарип күн тартибин, COVID-19дун шартында санариптештирүү жаатындагы чакырыктарды жана чечимдерди, санариптик трансформациянын жаңы стратегияларын жана пандемия учурунда технологиянын өнүгүү тенденцияларын талкуулоого арналган. Иш-чара «Digital Week» санариптик өнүктүрүү жумалыгынын алкагында уюштурулган.

Ошентип, иш-чаранын алкагында 20дан ашуун кызыктуу баяндамалар пландаштырылган, IT дүйнөсүнөн ушул күнгө чейин эң кызыктуу жана актуалдуу темалар менен 6 бөлүм жайгаштырылган.

Мындан тышкары, форумдун жүрүшүндө Борбор Азия өлкөлөрүндө мамлекеттик саясат боюнча директор, Facebook`тун өкүлү Жордж Чен, Маалыматтык коопсуздук департаментинин башчысы, "Тик Токтун" өкүлү Роланд Клаутер, UBER`дин өкүлү, иштеп чыгуу бөлүмунүн жетекчиси Роман Кононов, Yandex`тин өкүлү, чет мамлекеттердин органдары менен байланышуу боюнча директор Максим Козлов, "Касперский лабораториясынын" Борбордук Азия жана Монлогия боюнча аймактык кеңсесинин коммерциялык директору Валерий Зубанов, WebTotem`дин негиздөөчүсү, киберчабуулдарды талдоо жана иликтөө борборунун президенти Олжас Сатиев жана башкалар өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшмөкчү.

Форумдук уюштуруучулары КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, "Интернет саясатчы жарандык демилге" КФ, "Электрондук коммерция ассоциациясы" жана "Кыргыз программалык камсыздоо жана кызмат иштеп чыгуучулар ассоциациясы".

Маалымат үчүн: "KIT" форуму маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү ири иш-чара болуп саналат. Кыргызстанда 2010-жылдан бери өткөрүлүп келет жана КРда маалыматтык технологияларды өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана жолдорун талкуулоо үчүн чыныгы аянтча катары белгилүү.

Пикир

Оставить комментарий