• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте волейбол боюнча дүйнө чемпиондугунун тандоо туру өтөт

Спорт 0

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. Кыргызстан Борбордук зонада волейбол боюнча дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун 2-этабын өткөрөт. Бул тууралуу КРнын волейбол федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ Бишкекте КРнын волейбол федерациясынын жетекчисинин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов менен жолугушуусу болду.

“Канат Аманкулов дүйнө чемпиондугуна зоналдык тандоо турунун 2-этабы май айында Бишкекте өтөрүн ырастады”,-деп белгиледи КР волейбол ферерациясы.

Борбордук зонада дүйнө чемпиондугуна тандоо турунун 1-этабы 2016-жылы Чолпон-Атада өткөн. Кыргызстан курама командасы Бангладеш жана Мальдив аралдарынын командаларын жеңип, 1-орунду алган.

“2-этапта 4 команда ойнойт: Кыргызстан, Казакстан, Индия жана Пакистан. Тандоонун жеңүүчүлөрү тандоонун финалдык этабына чыгып, анда Азиянын күчтүү курамалары ойношот”,-деп билдирди федерациядан.

Эл аралык волейбол федерациясынын версиясы боюнча дүйнөнүн күчтүү курамаларынын рейгингинде Казакстан – 36, Индия – 39, Пакистан 50-орундарды ээлешет.

2018-жылы дүйнө чемпиондугунун финалдык стадиясы Италия жана Болгарияда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий