• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте волейбол боюнча "Дилгир" лигасынын жаңы сезону башталды

Спорт 0

Бишкек, 08.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-февралда Бишкекте волейбол сүйүүчү кыздар арасында "Дилгир" лигасынын жаңы сезону башталды. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан кабарлашты.

Оюндардын биринчи туру 8-9-февралда шаардагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт.

Алтын медаль үчүн 12 команда күч сынашат. Алар "Позитив", "Достук", "Талас", "Береке", "Дилгир", "Жасмин", "Ысык-Көл", "Айкөл", "Теңир-Тоо", "Эмаком", "Көк-Арт" жана "Аксы" командалары.

Пикир

Оставить комментарий