• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкекте World of Tanks оюну боюнча жарыш өтөт

Коом 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Бишкекте World of Tanks оюну боюнча жарыш өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Central Asia Games Show 2020" көргөзмөсүнүн директору Илья Ануфриев билдирди.

Анын айтымында, мелдеш "Central Asia Games Show 2020" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында 8-февралда Бишкектеги "Асанбай" борборунда өтөт.

"Коноктор бир гана World of Tanks оюнуна күбө болбостон, youtube платформасынын жылдыздары менен жолугушуп, түрдүү сынактарга катышып, компьютер оюндарынын жана жабдыктарынын жетишкендиктерин көрө алышат", - дейт уюштуруучу.

Ануфриев белгилегендей, жарыш жеке жана командалык "3 - 3" форматында өтөт.

"Жарышка көргөзмөгө келген бардык каалоочу катыша алат. Оюндун жыйынтыгында жеке жана командалык мелдештин жеңүүчүлөрү сыйлыктарга ээ болушат", - дейт көргөзмөнүн директору.

Пикир

Оставить комментарий