• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте XIX эл аралык «Китеп искусствосу» сынагы өттү

Коом 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Бишкекте XIX эл аралык «Китеп искусствосу» сынагы өттү, - деп билдирет Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, аталган сынак 2004-жылдан бери өткөрүлүп келет. Сынактын калыстар тобунда Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү бар.

Сынак мезгилдүү басма сөз, китеп таркатуу жана полиграфия тармагындагы мамлекеттер аралык кеңеш тарабынан уюштурулган.

Сынактын максаты – китеп басып чыгаруу жаатындагы эң жаркын жана таланттуу демилгелерди шыктандыруу, китеп искусствосун өнүктүрүү, шериктештик өлкөлөрүндө китеп басып чыгаруу маданиятын жогорулатуу жана КМШнын жалпы маданий мейкиндигин колдоо болуп эсептелет.

КМШга мүчө мамлекеттердин, мамлекеттер аралык кеңештин XXVI отурумунунда мезгилдүү басма сөз, китеп таркатуу жана полиграфия тармагында кызматташуу боюнча отурумунун чечимине ылайык, (2021-жылдын 5-ноябры, Алматы, Казакстан) аталган кеңешме 2022-жылы Кыргызстанга өткөрүлүп берилген.

КМШга мүчө мамлекеттердин XIX эл аралык “Китеп искусствосу” сынагына Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 77 басылма келип түштү.

Сынакта «Шериктештик», «Менин өлкөм», «Балдар жана жаштар үчүн китеп», «Маданият диалогу», «Илим жана билим», «Искусство китеби», «Иллюстрация искусствосу», «Шериктештикте басылган », «Жеңиш» жана «Баш байге» номинациялары каралган.

КМШга мүчө мамлекеттердин XIX эл аралык «Китеп искусствосу» сынагында сунушталган китеп басылмалары ар кандай даражадагы дипломдор менен жана баш байгеге 1 миллион рубль акчалай сыйлык ыйгарылат.

Пикир

Оставить комментарий