• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте XXVI Дүйнөлүк бизнес-конгресс өтөт

Коом 0

Бишкек, 19-май /Кабар/. Эл аралык менеджментти өнүктүрүү ассоциациясы (АКШ) жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен биргеликте уюштурулган XXVI Дүйнөлүк бизнес-конгресс 2017-жылдын 19-майынан 23-майына чейин Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Алардын маалыматында, конгресс ааламдашуу, регионалдашуу жана жергиликтешүүнүн бизнести башкарууга тийгизген таасири боюнча актуалдуу темаларды талкуулоого окумуштуу жана изилдөөчүлөр үчүн аянтча түзүүнү көздөйт.

Конгресс 1987-жылдан бери үзгүлтүксүз түрдө 25 жыл бою Америка жана Европанын ар түрдүү шаарларында өткөрүлгөн.

Бул жолу конгресске Австралия, Чехия, Германия, Польша, Пуэ́рто-Ри́ко, Израиль, Индия, Литва, Иран, АКШ, Түштүк Африка, Түркия жана Кыргызстандагы окумуштуулардын катышуусу болжолдонууда. Конгресстин негизги темасы - «Ааламдашуудан регионалдашуу жана жергиликтешүүгө карай: институттар, процесстер, саясаттар жана стратегиялар”.

Пикир

Оставить комментарий