• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте ыктыярдуу кошуундар жана милиция айдоочулардын, тургундардын коопсуздугун камсыз кылат

Коом 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Ыктыярдуу элдик кошуундар жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жүргүнчүлөрдүн, маршруттук таксилердин айдоочуларынын жана учурда шаар тургундарын жеткирүүгө жардам берип жаткан ыктыярдуу айдоочулардын коопсуздугун камсыз кылышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Борбор калаанын көчөлөрүндө тартип сакчылары тарабынан кайтаруу күчөтүлдү. Мындай чаралар маршруттук таксилер менен болгон абал жөнгө салынмайынча күчүндө болот.

Эскерте кетсек, 2-июндан тарта борбор калаада маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире акысын көтөрүп берүү талабы менен иш ташташкан. Буга байланыштуу коомдук транспорттун тартыштыгы байкалууда. Маршруттук таксилер бүгүн үчүнчү күн ишке чыгышкан жок. Учурда Бишкекте муниципалдык коомдук транспорт күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий