Бишкекте “Ынтымак” сейил багындагы өрт өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. “Ынтымак” сейил багындагы өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн түшкө маал "Ынтымак" сейил багында болжол менен бир гектар аянттагы куураган чөп күйгөн.

“Жерине ӨКМдин Октябрь району боюнча башкармалыгынын эки отряды тез арада жөнөп кеткен. Өрт саат 15:52де чектөөгө алынып, ал эми 16:13тө толугу менен өчүрүлгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий