Бишкек, 14-июль /Роман Гайнанов - Кабар/. Бишкекте “Ысык-Көл балдарды чогултат-2017” эл аралык этно-карнавалынын расмий ачылыш болду.
Иш чаранын алкагында улуттук кийимдеги делегаттар “Ала-Тоо” аянтына чогулуп, “Жеңиш” сейил багына чейин жөө жүрүш жасашты. Ал жерден “Өчпөс отко” гүл коюшту.
Эл аралык этно-карнавал Кыргызстандын, Россиянын, Индиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын 550 дөн ашык 9 жаштан 17 жашка чейинки окуучу балдарын чогулткан.
Пикир
Оставить комментарий