• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте ысык суу 22-майдан 22-июнга чейин өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 28-апрель /Кабар/. Борбор калаада ысык суу 22-майдан 22-июнга чейин өчүрүлөт. Булл тууралуу Бишкек мэриясынын бама сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка бүгүн, 2017-жылы 28-апрелде Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов кол койду.

Ысык сууну өчүрүү жыл сайын алдын алуу иштерин жүргүзүү жана жылуулук тармагын жана жылытуу сезонуна жылуулук тутумун сапаттуу даярдоо менен камсыздоо максатында өчүрүлөт.

Жарандардын жана социалдык мекемелердин көптөгөн кайрылууларына байланыштуу, андан тышкары мектептеги тамак берүүнү уюштуруу жана медициналык мекемелерге көрсөтүлгөн санитардык-гигиеналык талаптарды эске алуу менен ысык сууну өчүрүү 2017-жылы 22-майга жылдырылды.

Бишкек шаардык мэриясы турмуш шарттык камсыздоо жана коммуналдык чарба тутуму менен байланышкан көйгөйлөр боюнча коммуналдык ишканалар жана мекемелердин диспетчердик телефон номерлерине кайрылууну өтүнөт:

  • “Бишкекжылуулуктармагы” ААКтын Call-борбору – 61-11-69;
  • “Бишкекжылуулуктармагы” ААКтын Борбордук районунун күзөт инженери - 36-57-19, 30-07-67;
  • “Бишкекжылуулуктармагы” ААКтын Түштүк районунун күзөт инженери - 51-06-22, 21-74-06;
  • “Бишкекжылуулуктармагы” ААКтын диспетчердик кызматы - 56-85-58;
  • “Бишкекжылуулукэнергия” ишканасынын диспетчердик кызматы - 49-00-86, 49-02-65;
  • “Бишкекжылуулукэнергия” ишканасынын абоненттик бөлүмү – 21-28-47.

Ошондой эле, шаардыктардын WhatsApp тиркемеси аркылуу кайрылуусу үчүн номерлер иштейт:

Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;

Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;

Шарапов Руслан Эсенбекович (1-Май району) — 0558 336 640;

Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) — 0555 447 154.

Бардык маселелер боюнча чалуулар төмөнкү номерлер кабыл алынат: 185 жана 18 40 күнү-түнү иштейт, ал эми көйгөйлүү маселелердин сүрөтүн 0554 182-185 номерине жөнөтүүгө болот.



Пикир

Оставить комментарий