• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте ысык суу качан берилери маалым болду

Коом 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Бишкекте ысык суу 17-июндан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мэриянын 2021-жылы 11-майдагы №108-р жарлыгына ылайык, ысык суу берүү 17-июндан баштап калыбына келтирилет.

Эскерте кетсек, суу түтүктөрүн оңдоо жана жылытуу мезгилине даярдык көрүүгө байланыштуу ысык суу жыл сайын бир ай мөөнөткө өчүрүлөт. Былтыр ысык суу 1-июндан 1-июлга чейин өчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий