• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте өзүм билемдик менен курулган тосмолорду алуу улантылууда

Коом 0

БИШКЕК, 11.08.17 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын жер жана курулуш башкармалыгынын маалыматында, Бишкектеги Фрунзе көчөсүнүн №6 а дарегиндеги 40 чарчы метрлик, ошол эле көчөдөгү 11 дарегинде 52 чарчы метр аянттагы жана Куликовский көчөсүндөгү 13 дарегиндеги 25 чарчы метр аянтка тургузулган тосмолор кулатылды.

Аталган курулуштар өзүм билемдик менен, эч кандай уруксат кагазы жок муниципалдык аймакка курулган.

Дубалдардын ээлерине мэрия тарабынан алдын ала эскертүүлөр берилген.

Бул иштер борбор калаадагы мыйзамсыз курулуштарды алуу жана жолдорду реконструкциялоонун негизинде жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий