• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган 18 жаштагы кыз куткарылды

Кырсык 0


Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган 18 жаштагы кыз куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-июнда саат 06:35 чамасында Логвиненко көчөсүндө көп кабаттуу имараттын 10-кабатынан белгисиз жаран өз өмүрүнө кол салууга аракеттенүүдө деп кабар "112" кызматынан түшкөн.

Окуя катталган жерге дароо эле Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, 11-кабаттан 10-кабатка атайын альпинисттик шаймандар менен 18 жаштагы кызды түшүрүшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий