• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте өзүнүн кызын уурдоого шектелип атасы кармалды

Коом 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Бишкекте өзүнүн кызын уурдоого шектелип атасы кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-апрелде болжол менен саат 21:20лар чамасында “102” кызматына Чыгыш-5 кичирайонунан кичинекей кыздын уурдалышы боюнча маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жөнөтүлгөн. Анда 37 жаштагы Ж.К. аттуу аял 13 жаштагы У.Х. аттуу кызын мурдагы жолдошу уурдап кеткендигин кабарлаган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары Кулиева көчөсүнөн Ош шаарына кетүү максатында таксиге отуруп жаткан жеринен 37 жаштагы У.Э. аттуу жаранды кармашкан.

Шектүү Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлгөн. Ал эми 13 жаштагы кызды кайгуул кызматкерлери апасына өткөрүшүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий