• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкекте өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган жаран куткарылды

Коом 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Бишкекте өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Свердлов районундагы С.Ибраимов көчөсүнүн №70 дарегинде жайгашкан "Ringo Trade" брокердик компаниянын имаратында эркек адам (аты-жөнү такталууда) бычакты моюнуна такап өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

“Бирок куткаруучулар жеткенге чейин Ички иштер министрлигинин кызматкерлери аталган жаран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, өз өмүрүн кыюудан сактап калышкан”, - деп айтылат маалыматта.

Жерине 5 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий