• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте заманбап Ислам изилдөө борбору курулмакчы

Коом 0

Бишкек, 05.10.17 /Кабар/. Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Шемсуддин Үнал Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев жана Муфтият кызматкерлери менен жолугушуп, Бишкек шаарында курулуп жаткан Орто Азиядагы ири мечиттин курулуш иши жана мечиттин иштөө тартиби боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун талкуулашты. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, муну менен катар эки тараптуу жолугушуунан алкагында тараптар мечит Орто Азиядагы ири мечит болгондуктан ага республикалык борбордук мечит макамы берилип, бул боюнча тиешелүү документтер иштелип чыкмакчы. Ал эми Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев мечитке улуу дин аалымы Имам Сарахсийдин ысымын ыйгаруу боюнча сунушун берип, тараптар бул боюнча бир пикирге келишти.

Ошондой эле Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын алдында Ислам изилдөө борборунун курулаары туурасында сөз болуп, ал заманбап технологиялар, электрондук системалар менен жабдылып, окутуу иштери, семинарлар жана тренингдер өтүп, диний баалуулуктарды изилдөөчү борбор болуп калаары маалым болгону айтылат.

Пикир

Оставить комментарий