• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкекте заманбап жарыктандыруу системаларын ишке киргизүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын директору А.Чодонов «Арт-Фонарь» ЖЧКнын коммерциялык директору И.Егоров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тышкы жарыктандыруунун заманбап системасын ишке киргизүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле жолугушууда сапаттуу, ылайыктуу электр материалдарын, сырткы жарык берүүчү мамыларды алуу маселелери да көтөрүлдү.

Белгилей кетсек, «Арт-Фонарь» ЖЧКсы эскизди иштеп чыгуудан баштап даяр продукцияны чогултууга чейин, чоюн фонарларды чыгарган ишканалардын бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий