• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте өзбек сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 04.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекте 6-октябрда өзбек сүрөтчүлөрүнүн “Өзбекстандын жүзү: тарых жана азыркы заман” аталыштагы сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, көргөзмөнүн ачылышы саат 14:30да Гапар Айтиев атындагы кыргыз Улуттук сүрөт көргөзмө музейинде болот.

Иш-чара Өзбекстандын Кыргызстандагы маданий күндөрүнө карата уюштурулуп жатат.

Көргөзмөдө Өзбекстанда тартылган кооз, өзгөчө сүрөттөр көрүүчүлөргө тартууланат.

Көргөзмөнүн уюштуруучулары ӨРнын Тышкы иштер министрлиги, ӨРнын маданият министрлиги, КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Өзбекстандын сүрөтчүлөр Академиясы.

Пикир

Оставить комментарий