• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте Өзбекстандын кино күндөрү башталды

Маданият 0

Бишкек, 04.12.18. /Кабар/. 4-5-декабрь күндөрү “Манас” кинотеатры менен Ч. Айтматов атындагы Кино үйүндө Өзбекстандын Кыргызстандагы кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Көрсөтүлө турган тасмалардын катарында Е. Туйчиевдин “Ришта”, А. Гамировдун “Ата үйү”, “Өзбеккино” киностудиясы тарткан “Калптын арасында” тасмалары бар.

Иш-чарага Өзбекстан кинематографисттер бирикмесинин төрагасы, эмгек сиңирген артист Матякуб Матчонов жана өзбекстандык актер Улугбек Кадыров катышат.

Тасмалар Манас” кинотеатры менен Ч. Айтматов атындагы Кино үйүндө көрсөтүлөт.

Ошондой эле 5-декабрда Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Космопарк” кинотеатрында биргелешип тарткан “Делбирим” кыргыз-өзбек тасмасынын бет ачары болот.

Пикир

Оставить комментарий