• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте Өзбекстандын туристтик потенциалын даңазалаган презентация өтөт

Маданият 0

Бишкек, 15.12.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Ташкент шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандын туризм жана маданий мурастар министринин орун басары Бахтиер Ибрагимов менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда тараптар эки өлкөнүн туризм жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу баарлашып, эки тараптуу кызматташуунун ийгиликтери тууралуу сүйлөштү.

Өз кезегинде Чыңгыз Эсенгул уулу өлкө аймагына көптөгөн туристтердин агымын тарып келе турган Бүткүл дүйнөлүк ЮНВТО туристтик уюмунун Башкы ассамблеянын 25-сессиясы 2023- жылы Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турганын, масштабдуу иш-чараны өткөрүүдө Кыргызстан тарап колдой турганын билдирип, мындай мүмкүнчүлүк өлкөнүн туристтик потенциалын көрсөтүүгө жана жаңы деңгээлге чыгууга шарт түзөт деп белгиледи.

Ошондой эле, Кыргызстан тарап Өзбекстанда туризм тармагы боюнча гранттык негизде билим алып жаткан кыргыз студенттеринин түзүлгөн шарт үчүн Өзбекстандын Туризм жана маданий мурастар министрлигине ыраазычылык билдирди.

Мындан сырткары, Чыңгыз Эсенгул уулу Кыргызстандагы «жашыл туризмдин» ролу жана ордун белгилеп, Өзбекстан тарапка туризм тармагындагы аянттарды түзүүдө жана бул тармакта эксперттерди тартууга көмөк көрсөтүп жаткандыгын айтып, кийинки жылы Өзбекстанда бир катар иш-чаралар «жашыл туризмди» өнүктүрүүгө багыттала турганын билгиледи.

Жолугушуу учурунда ошондой эле, Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстандын Туризм жана маданий мурастар министрлиги эки тарапка жемиштүү боло турган Туристтик пакет иштеп чыгууну талкуулашып, дүйнөлүк тажрыйбада өлкөнүн имиджин эл аралык аренага алып чыгуу үчүн эң жакшы кадам деп баалашты. Мындай концептуалдык кадамдарды ишке ашыруу үчүн, мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдар тыгыз биргеликте иш алып барууну макулдашты.

Жолугушуунун аягында Чыңгыз Эсенгул уулу 2023-жылы кыргыз туроператорлору Өзбекстанда «Роудшоу» өткөрө тургандыгы маалымдап, Кыргызстандагы ири туристтик операторлор жана тур сектордун өкүлдөрү келүүсү боюнча иштер жүрүп жаткандыгы айтылып, Өзбекстан тараптан колдоо тапты.

Ал эми Бахтиер Ибрагимов кыргыз- өзбек биргелешкен «Туристтик пакетти» иштеп чыгууну жолдоорун жана бул боюнча маселени колго алаарын, ошондой эле Өзбекстан президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында Өзбекстандын туристтик потенциалын даңазалаган презентация өтөрүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий