• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте өзгөчө абал киргизилгенден бери 28 жол кырсыгы катталган

Коом 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Бишкекте 25-марттан бери 28 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

"Жол кырсыгынан 39 адам жабыркаган. Анын ичинде 3 жаш өспүрүм бар", - деди ал.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө өткөрмө уруксат кагазын жасалмалоо боюнча 42 факт аныкталып, алар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Бишкекте 25-марттан 9-апрелге чейин 633 кылмыш жана жорук катталып, анын ичинен 563 кылмыш жана жоруктун бети ачылган.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий