• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте өзгөчө абал киргизилгенден бери 37 жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болгон

Коом 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Бишкекте өзгөчө абал киргизилгенден бери 37 жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болгон. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынан билдиришти.

"Борбор шаарда өзгөчө абал киргизилгенден бери – 25-марттан тарта жол кырсыктарынын саны өткөн жылга салыштырмалуу 3 эсе кыскарды. Бул мезгилде 37 жол кырсыгы катталып, 1 адам каза тапкан жана 56 адам ар кандай жаракат алган. Ал эми 2019-жылы 25-марттан 17-апрелге чейин Бишкекте 115 жол кырсыгы катталып, 3 адам көз жумган жана 142 адам жаракат алган", - деп билдиришти комендатурадан.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий