• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте өзгөчө абал киргизилгенден бери 45 жол кырсыгы катталды – комендант

Коом 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Бишкекте өзгөчө абал киргизилгенден бери 45 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

"Бишкекте өзгөчө абал киргизилгенден бери 45 жол кырсыгы катталып, жол кырсыктарынан 60 жаран жабыркаган", - деди ал.

Борбор калаада 25-марттан 21-апрелге чейин 1 миң 299 кылмыш жана жорук катталып, анын ичинен 1 миң 180 иштин бети ачылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий