• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте өзгөчө абал режими алынды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар президенттин Бишкекте өзгөчө абал киргизүү туралуу жарлыгын бекитүү жөнүндөгү парламенттин токтомун жокко чыгарды.

Эскерте кетсек, 12-октябрда президент Бишкекте өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлык чыгарып, 13-октябрь күнү Жогорку Кеңеш ал жарлыкты бекитип берген. Өзгөчө абал 19-октябрь саат 08:00гө чейин киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий