• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте өзгөчө абал режими: Чет элдик студенттердин жанында студенттик күбөлүгү болуш керек

Коом 0

Бишкек, 25.03.20./Кабар/. Бишкектеги чет элдик студенттердин жанында студенттик күбөлүгү болуш керек. Бул тууралуу өкмөтү үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри, коменданттын орун басары Азизбек Алымкулов билдирди.

"Бул жакта билим алып жаткан бардык чет элдик студенттер окуган жеринен маалымкат алышы зарыл. Андан тышкары алардын студенттик күбөлүгү болушу керек. Ал алардын борбор калаада жүрүшүнүн негиздүү экенин көрсөтөт. Мында эч кандай маселе жаралбашы керек", - дейт ал.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда дагы 2 эки адамда коронавирус аныкталды: бирөөсү Бишкек шаарында, экинчиси Москва району (Чүй облусу).

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44кө жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Москва районунда – 1 жана Бишкек шаарында – 3 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Мындан улам Бишкекте 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий