• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте өзгөчө оор кылмышка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Бишкекте өзгөчө оор кылмышты жасоого шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Кара-Буура районунун тургуну 1971-жылы туулган Б.Б. зордуктоо беренеси менен шектелип, тергөө амалдарынан изин жашырып качып жүргөндүгүнө байланыштуу, 2021-жылдын июнь айында Кара-Буура райондук милиция тарабынан издөө жарыяланган.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш жүргүзүүлөрүнүн натыйжасында аталган жаран Бишкек шаарынан кармалып, Кара-Буура РИИБне алынып келинди.

Учурда шектүүгө карата соттук өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий