• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте өзгөчө сүрөт көргөзмөсү ачылды

Коом 0

Бишкек, 14-июнь /Тариэль кызы Аманай, Даниил Хашковский - Кабар/. Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде «Кербен-Аксы-Бишкек-Ош» аталышындагы сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Анда Кыргызстан сүрөтчүлөр бирикмесинин таланттары өздөрүнүн эмгегин көрүүчүлөрдүн сынына коюшту.

Көргөзмөдө Бишкек менен Оштун сүрөтчүлөрүнүн колунан жаралган эмгектер коюлган. Алар: Асаналы Бейшенов, Жолдошбек Казакбаев, Жыргалбек Матубраимов, Жылдызбек Молдохматов, Аскарбек Алайчиев, Салтанат Кайбылдаева, Авазбек Момункулов, Зура Турдубаева жана Асель Ормокеевалар.

“Мен Жылдызбек Молдохматов уюштурган кызыктуу көргөзмөсү үчүн абдан кубанычтамын. Бул жерде таланттуу сүрөтчүлөр чогулган” –деди сүрөттөрү коюлган Асель Ормокеева.

Анын айтымында, ата-энеси дагы сүрөт искусствосуна жакын адамдардан болушкан. Мындан улам ага да талант жугуп, ал үч жашынан баштап сүрөт тарта баштаган.

Сүрөт: Ислам Розиев

Пикир

Оставить комментарий