• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырган айдоочу кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырган айдоочуну аныктады.

Милициядан билдиришкендей, кечээ, 17-августта болжол менен саат 01:00дө Ч.Айтматов проспектисиндеги Шампанвинкомбинатынын алдында белгисиз айдоочу жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырган.

Жол кырсыгынан 30-35 жаштагы аял алган жаракатынан каза болгон.

Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Тойота Эстима” унаасынын 23 жаштагы Э.А. аттуу айдоочуну кармалган. Аны шаардык ички иштер башкы башкармалыгына өткөрүп беришкен.

Унаа айып аянтчасына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий