• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жөө адамды унаа сүзүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Бишкек шаарында 17-августка караган түндө болжол менен саат 00:00дө Манас менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, унаа 30-35 жаштагы аял кишини сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Жол кырсыгына кабылган аял алган жаракатынан каза болуп калган.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Окуянын жагдайы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий