• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте ЖӨБ мыйзамын жакшыртуу боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму башталды

Президент 0

Бишкек, 23.01.18 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкекте КР президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму башталды.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан иш-чарага өкмөттүн аймактардагы бардык өкүлдөрү, министрлер жана жумушчу топтун өкүлдөрү катышууда.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий