• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жүргүнчүнүн айынан велосипедчен адам жабыркаган — видео

Кырсык 0


Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. Кечээ, 15-июнда саат 15:30дар чамасында борбор калаанын Ахунбаев менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, №132 маршруттук таксинин айдоочусу туура эмес жерден жүргүнчүлөрдү түшүргөн. Ал учурда велосипедчен адам маршрутканын эшигин сүзүп алган. Айдоочу окуя болгон жерден кетип калган.

Окуя боюнча велосипед айдаган жаран кайгуул кызматына арыз менен кайрылган.

Жол кырсыгына себепкер болгон №132 маршруттук таксинин 39 жаштагы М.М. аттуу айдоочусу тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Унаа айып аянтчасына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий