• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте жөө өтмөктөн өтүп бараткан кызды маршрутканын айдоочусу сүзүп кеткен — видео

Кырсык 0


Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Бишкекте жөө өтмөктөн өтүп бараткан 11 жаштагы кызды маршрутканын айдоочусу сүзүп кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-февралда саат 17:00дөр чамасында №138 маршруттук унаанын 29 жаштагы Р.М., аттуу айдоочусу Дэн Сяопин көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып Каракумский көчөсүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 11 жаштагы К.А., аттуу окуучу кызды сүзүп алган.

Натыйжада жөө жүргүнчү №3 шаардык ооруканага жеткирилген.

Маршрутканын айдоочусу жол чырактын кызыл белгисинде өтүп кеткен.

Учурда автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

Ал эми учурда Honda CR-V унаанын айдоочусу изделүүдө.

Пикир

Оставить комментарий