• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 16-октябрда жөө жүргүнчүлөр менен болгон жол кырсыктарын азайтуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн "Жөө өтмөк" аталышындагы рейд өттү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, атайын түзүлгөн планга ылайык, рейдге жаш өспүрүмдөр менен иштеген милиция кызматкерлери, райондук патрулдук милиция кызматкерлери ЖККББнын кызматкерлери чыгышты. Бишкек шаардык ИИБнин жетекчиси рейдге чыгып жаткандарга инструктаж өттү.

"Иш-чара маал-маалы менен таңкы саат 6:30дан 9:00гө чейин өтөт. Максаты жол кырсыктарынын санын азайтуу болуп саналат. Рейд учурунда жолдон туура эмес өткөн жөө жүргүнчүлөргө да, мыйзам бузган айдоочуларга дагы айып пул салынды. Атайын белгиси жок жерден өткөн жөө жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий