• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жөө адамды сүзүп, унаасын үйүнө бекитип койгон айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Бишкекте жөө адамды сүзүп, унаасын үйүнө бекитип койгон айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 1-ноябрда болжол менен саат 02:00дө айдоочу белгисиз автоунаада Осмонкул көчөсү менен бара жатып Эстоний көчөсүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен 51 жаштагы Н.А. аттуу жаран жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Аталган факты боюнча Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, “Мазда” үлгүсүндөгү унаанын 59 жаштагы Ч.С. аттуу айдоочусун аныктап, тергөө кызматына жеткиришкен.

Издөө учурунда шектүү жаран унааны үйүнө бекитип, үстүн жаап койгондугу аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий