• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте “Жөө жүргүнчү” рейди жүрүп жатат

Коом 0

Бишкек, 13.11.18. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте таңкы саат 07:00дөн тарта “Жөө жүргүнчү” аттуу алдын алуу иш-чаралары өтүүдө.

Бишкек ИИББнин басма сөз кызматы билдиргендей, борбор калаанын ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) 4 районунда ар бир бөлүккө “Жөө жүргүнчү” рейди боюнча нускама берилген. Бул иш-чарада мектеп окуучуларынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулмакчы.

Бул иш-чарада жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери шаардын жол кыймылы көп болгон бөлүктөрүндө, мектептин жанындагы жөө өткөөлдөрдө айдоочулар менен жөө адамдар жол эрежесин бузбашына көзөмөл кылышат.

Рейддин максаты жол кырсыктарын азайтуу, андан жабыркоолордун алдын алуу. Мындан тышкары балдар менен жолдо жүрүүнүн эрежелерин түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий