• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте “Жөө жүргүнчү” рейди жүрүп жатат

Коом 0

Бишкек, 04.10.18. /Кабар/. Бишкекте “Жөө жүргүнчү” рейди жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 07:00дөн тарта “Жөө жүргүнчү” аталышындагы рейддик-профилактикалык иш-чара башталды.

Анын жүрүшүндө мектеп окуучуларына өзгөчө көңүл бурулат. Аталган иш-чарада Бишкек шаардык милициясынын төрт районунун ички иштер башкармалыгынын жашы жете электердин иши боюнча инспекциясынын инспекторлору, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын, Бишкек ШИИББдин патрулдук-посттук милициясынын кызматкерлери иш алып барууда. Алар жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузбоосуна көз салууда.

Балдарга жол-транспорт чөйрөсүнүн шарттарында коопсуз жүрүм-турум эрежелери тууралуу маалыматтар берилет.

Пикир

Оставить комментарий