• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте жөө жүргүнчү жана автоунаалар үчүн автоматташтырылган дезинфекциялоо туннели жасалды

COVID - 19 0


Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Бишкекте жөө жүргүнчү жана автоунаалар үчүн автоматташтырылган дезинфекциялоо туннели жасалды. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу Жоодар Сайдилкан (Jodar Saidilkhan) өзүнүн баракчасында билдиргенин республикалык штаб жазып чыкты.

Анын айтмында, бул жабдык Бишкектеги COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү боюнча улуттук штабга акысыз тапшырылат.

Автоматташтырылган дезинфекциялоо туннели “Steelex” компаниясынын ишканасында жасалып, азыркы тапта эки туннель даяр болгон.

"Ошондой эле адамдар менен байланышта болбой туруп коронавирусту аныктоочу текст өткөрүү үчүн кабиналарды жасаганы жатабыз", - деп жазган Жоодар Сайдилкан

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2-апрелге карата коронавирус жуктурган жаңы 5 учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 116га жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда беш адам айыгып чыккан.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий