• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте жаңы башкы архитектор

Кадр саясаты 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү буйруктарга мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Тулебердиев Асхат Темирбекович «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын башчысы кызматынан бошотулду.

Борбордун башкы архитектору болуп Жороев Марат Токторбаевич дайындалды, буга чейин ал «Бишкекбашкыархитектура» ишканасынын башчынын орун басары кызматын ээлеп келген.

«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишкананын жетекчесинин орун басары болуп Жаманбалин Азамат Жолдубаевич дайындалды. Мурда ал «Бишкексууканал» башкармалыгында долбоорду ишке ашыруу бөлүмүндө иштеген, 2017-жылдан баштап 2019-жылга чейин «Бишкекбашкыархитектуранын» башчысынын орун басары болгон, ошондой эле борбордук мэрияда, анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө жана жеке уюмдарда эмгектенген.

Пикир

Оставить комментарий