• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте жаңы конуштардын тургундары акысыз юридикалык жардам алышты

Коом 0

Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. "Жаңы конуштарда чыр-чатактарды алдын алуу үчүн социалдык жана гендердик теңдик" долбоорунун алкагында Бишкекте 24-26-октябрь күндөрү "Тилектештик автобусу" аталышындагы акция болуп өттү. Ал акция тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Юстиция министрлигинин мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков айтып берди.

Ал билдиргендей, акциянын негизги максаты калкка юридикалык жардам көрсөтүү болгон.

"Акциянын алкагында 300дөн ашык кишиге юридикалык жардам көрсөтүлдү. Негизинен кайрылгандарды жер тилкеси, мурас, ажырашуу, пенсия байланышкан документтерди даярдоо ж.б. маселелер кызыктырган", - деди ал.

Кыргызстандын Адвокатура кеңешинин мүчөсү Чолпон Темирбаеванын айтымында, мындай акцияларды жылына кеминде 4 жолу өткөрүп туруу керек.

"Жарандар арасында акысыз юридикалык кеңештерди берип туруу керек. Биринчи май районунун социалдык өнүгүү башкармалыгынын имаратында жана Свердлов, Октябрь райондорунда акысыз юридикалык кеңеш берүү бөлмөлөрү бар. Алар саат 10:00дөн саат 16:00гө чейин иштейт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий