• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жаңы кургак учук ооруканасы курулат

Ден соолук 0

Бишкек, 09.11.17. /Кабар/. Бишкекте кургак учук ооруканасын куруу үчүн эски имараттарды бузуу жана аянттарды даярдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарындагы жаңы заманбап кургак учук ооруканасы 129 орундуу. Анда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бардык кургак учук оорулуулары эл аралык стандарт боюнча дарыланышат.

Курулуш KFW Немец өнүктүрүү банкы каржылаган “Кургак учук менен күрөшүү программасы V” долбоорунун алкагында пландаштырылып, кургак учукту аныктоо жана натыйжалуу дарылоого арналган.

Кыргызстандын өкмөтү бул Келишимдин негизинде курулуш иштерин даярдоо, тиешелүү имараттарды бузуу, долбоорлоо жана тышкы түйүндөрүн куруу үчүн каражат бөлдү.

Учурда имараттын болжолдуу эскизи иштелип чыгып, бекитилди.

Пикир

Оставить комментарий