• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жаңы курулуп жаткан мектептердин айланасы көрктөндүрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.08.22. /Кабар/. «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы курулуп жаткан билим берүү мекемелеринин жанаша жайгашкан аймагын көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Атап айтканда, “Алтын-Ордо” жаңы конушундагы Алтын-Ордо көчөсү, 15 дарегиндеги мектептин жана Үсөнбаев көчөсүндө жайгашкан №10 орто мектептин аймагы көрктөндүрүлүүдө.

"Учурда Алтын-Ордо конушундагы мектептин аймагына көчөттөрдү отургузуу үчүн жер түздөлүп, топурак түшүрүлө баштады, жакында бул жерде арча, гибискус, липа жана башка көптөгөн жалбырактуу жана ийне жалбырактуу көчөттөр өстүрүлөт.

Ал эми №10 мектептин аймагында газон себүү аяктап, отургузууга ыңгайлуу шарттар түзүлүп, ийне жалбырактуу жана бадалдуу өсүмдүктөрдү отургузуу иштери башталат", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Пикир

Оставить комментарий