• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте “Жаңы муундун окуу китептери: концепция, тажрыйба, рефлексия” аттуу илимий конференция өтөт

Билим 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 7-8-декабрында Бишкек шаарында “Жаңы муундун окуу китептери: концепция, тажрыйба, рефлексия” аттуу темада алгачкы республикалык илимий-педагогикалык конференция өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, конференциянын максаты – жаңы муундун окуу китептерин иштеп чыгуу боюнча адистердин тажрыйба алмашуусу аркылуу Кыргыз Республикасында билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүү.

Эки күндүк конференция катышуучуларга заманбап окуу-методикалык комплекстерди түзүүгө карата мамилелерди иштеп чыгуу боюнча ар кандай өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен таанышууга, мектептик окуу китептеринин окутуунун интерактивдүү инклюзивдүү чөйрөсүн түзүүдөгү ролун талкуулоого, авторлордун жана автордук жамааттардын, басмалардын, сапат боюнча эксперттердин, усулчулардын, мугалимдердин электрондук жана басма окуу материалдары менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн кароого мүмкүндүк берет.

Иш-чаранын алкагында бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана окутуунун жогорку сапатын камсыздоо үчүн жаңы муундун окуу китептерин түзүү практикасын жакшыртуу жөнүндө резолюцияны кабыл алуу пландалууда.

Конференция аралаш форматта өткөрүлөт жана жалпысынан 100дөн ашуун катышуучуну: Кыргызстандан, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес билим берүү уюмдарынын өкүлдөрүн, анын ичинде жогорку окуу жайлардын, квалификацияны жогорулатуу системасынын, билим берүүнүн сапатын баалоо түзүмдөрүнүн, шаардык жана райондук билим берүү башкармалыктарынын/бөлүмдөрүнүн, басмалардын өкүлдөрүн, окуу китептеринин, электрондук окутуу тиркемелеринин авторлорун, дизайнерлерди, иллюстраторлорду чогултат.

Иш-чара КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ЮНИСЕФ менен өнөктөштүктө өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий